Японияда "Кунг-фу панда" мультфильминдеги башкы каарманга окшош бамбук аюусу табылды. Ал Токио шаарындагы Уэно зоопаркында жашайт. Сүрөтчү Синго Накамура тарткан бамбук аюунун сүрөттөрү өткөн жумада бир топ чет элдик маалымат каражаттарына тараган.
Ри Ри аттуу аюу өзүнүн күнүмдүк жашоосу менен алектенген учурдагы кыймыл-аракеттер сүрөтчүгө "Кунг-фу панда" анимациялык мультфильминдеги панданы элестеткен. Маалыматтарга караганда, ал каратэнин мыкты ыкмаларын көрсөткөн.
"Жашоо искусствону туурайбы же "Dream Works" студиясы Уэно зоопаркында жашыруун тыңчылык кылганбы, айта албайбыз. Бирок Токиодо чыныгы "Кунг-фу панда" жашайт",- деп жазат "Metro" басылмасы.