7-Апрель окуясы боюнча сотто мамлекеттик айыптоочу Суталиновду 20, Малеванаяны 10 жылга эркинен ажыратууну өтүндү

Бүгүн, 28-мартта Аскердик сотто 2010-жылкы 7-Апрель окуясы боюнча козголгон кылмыш ишин кароо улантылды. Отурумда мамлекеттик айыптоочу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурунку төрагасы Мурат Суталиновдун күнөөсү толугу менен далилденгенин айтып, аны 20 жылга эркинен ажыратууну суранды.

Ошондой эле прокурор мурунку президенттин катчылыгынын мурдагы башчысы Оксана Малеванаянын биринчи инстанциядагы соттун чечими менен 10 жылга эркинен ажыратылганын эске салды. Анын айтымында, О.Малеванаянын күнөөсү толугу менен далилденген, ошондуктан ал боюнча чечимди күчүндө калтырууну өтүндү. Айта кетсек, Малеваная азыркы тапта издөөдө жүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Inna_91
2016-03-28 12:49:12
Откон ишке окунбо деген макал бар кыргыз элимде бирок окунучтуу бей куноо жаш мырзалар аталар жан кечти сабыр кылавыз айла жок
+1
syd.adilet
2016-03-28 13:00:54
Эми аларды соттогон менен пайда жок же кармап алып келип соттогондо башка кеп эле.Мен тан калган нерсе ошондо снайперчилерди кармаган эле жер жутуп кетти окшойт жок.
+2
TOMMYHILFIGER
2016-03-28 13:05:36
Снайперчилерди ХХХ ХХХ ХХХ жалдаган болсо конечно жок да
+3
admin_portal
2016-03-28 13:27:47
TOMMYHILFIGER, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан