Бактыбек Жолчиев: "Кыргызстандыктар эмгек укуктарын билишпейт"

Кыргыз өлкөсүндө жылына 200дөй өндүрүштөгү кырсык катталат. Албетте, бул расмий бөлүгү гана, ал эми чынында канча адам иш убагында кырсыктаганы жаап-жашырылып келет. Өндүрүштөгү коопсуздук жаатындагы абал тууралуу билиш үчүн Экология жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын эмгекти коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Бакытбек Жолчиевди кепке тарттык.

- Бакытбек Казакович, өндүрүштөгү коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасындагы төлөмдө жалпы абал кандай?

- Биздин башкармалыкта бул багытта 23 адам алектенет. Реформалоодон мурда, 2012-жылга чейин 62 кызматкер иштеген, 62 пайызга кыскардык. Жылына өлкөбүздүн жарандарынан 1 миңден 1,5 миңге чейин арыз түшөт. Негизги бөлүгү төлөнбөй жаткан эмгек акы, иштен жабыр тартканы үчүн компенсация, жөлөк пул төлөмдөрүн ала албай жүргөндөр жана негизсиз иштен бошотуулар боюнча даттануулар. Өткөн жылы миңдей арызды карап чыктык. Иштин көлөмүн элестетип көрүңүз. Ар бир арыздын аркасынан изилдеп, ордунан алыс болсо да барып, документтерин териштирип, жетекчилиги менен жолугуп жана башка иштерди аткарабыз. Өткөн жылы төлөнбөгөн эмгек акынын эсебинен 4 миллион сом төлөтүлдү, иште алган жаракаттар үчүн 62 миллион сом доо акы төлөтүлдү. Өндүрүш үстүндө болгон 200 кырсык иликтенип, биз чыгарган тыянактардын негизинде жөлөк пул ала алышты. Кырсыкка кабылгандардын саны – 159 адам, арасынан 101 адам оор жаракат алган, 43ү каза тапкан, жеңил бүткөнү - 15.

- Кайсы тармакта кырсыктар көп байкалат?

- Бизде биринчи орунда өндүрүш, экинчиде курулуш, үчүнчү орунда энергетика, алардан кийин транспорт турат. Курулуш жаатында Бишкектеги абалды өзүңүз деле баамдап турсаңыз керек, абал абдан начар, бардык курулуштар эмгекти коргоо менен коопсуздук эрежелерин сактабай келишет. Курчоолор жок, тротуарлардын үстүндө калканычтар орнотулган эмес, адамдар коргоочу каражаттарсыз иштешет. Биз болсо аларды текшерип да бара албайбыз. “Ишкердүүлүк субъекттерин текшерүү тууралуу” мыйзамы боюнча биз арыз түшкөндө гана текшере алабыз. Бизге арыз жазылганда Экономика министрлигине кайрылабыз. Алар уруксат берсе гана текшере алабыз.

- Курулуштарда ушундай баш аламандык болсо, травматизм боюнча биринчилик кайсы өндүрүштө?

- Травмаларга тушуккан адамдар негизинен кайра иштетүүчү өндүрүштө алектенгендер. Мисалы, ун тегирмендери, алкоголь, момпосуй чыгаруучу фабрикаларда иштегендер. Бизде тегирмен сымал жабдуулары бар чакан кайра иштетүүчү ишканалар абдан көп. Андай жабдууларда иштеген адамдарга коопсуздук эрежеси окутулуп, коргоочу каражаттар берилсе да, коопсуздук техникасын бузганы үчүн жаракат алышат.

- Тоо-кен тармагын сөз кылдыңыз, "Кумтөрдөгү" эмгек коопсуздугуна кандай баа бересиз?

- Чындыгында, Кыргыз Республикасынын башка ишканаларына салыштырганда "Кумтөрдө" эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы кыйла жогорку деңгээлге коюлган. Ал жакта да кырсыктар болот, өндүрүш деген өндүрүш да, 100 пайызга коопсуз шарт түзө албайсың. Адамдык фактор да бар, кооптуу абал жараткан жабдуулар турат.

Маектин толук версиясын бул жактан окуй аласыз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
altunbek78
2016-03-29 22:45:39
Ишинизге ийгилик, сиздей адамдар КРде коп болсо мамлекетибиз тез эле онукмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан