Австралиянын окумуштуулары кездеменин жаңы түрүн ойлоп табышты. Маалыматтарга караганда, күндүн жарыгы тийген учурда кездемедеги так өзүнөн өзү жоголуп, тазаланат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары бүгүн, 29-мартта жазып чыгышты.
Мындай жаңычылдыкты жаратууга катышкан Ражеш Раманатхандын айтымында, кездеме жарыкты өзүнө жакшы сиңирип алгандыктан тазалоо процесси күчөйт.
Кездемедеги нанотүзүлүштөрдү өстүрүүгө 30 мүнөт керектелсе, тазалоого 6 мүнөттөй убакыт талап кылынат. Австралиянын окумуштуулары тарабынан ойлонуп табылган нанотүзүлүштөрдү өстүрүү анча кымбат эмес жана эффективдүү болуп саналат. Андыктан бул нерсени өнөр жай тармагына алып чыгуу да каралууда.