Алмазбек Атамбаев: "Эгер элчи уктай берсе, эки мамлекеттин ортосундагы мамилелердин өнүгүүсү болбойт"

Бүгүн, 30-мартта 9 мамлекеттин Кыргыз Республикасындагы элчилери президент Алмазбек Атамбаевге Ишеним грамоталарын тапшырышты. Андан соң өлкө башчы аларга кайрылуу жасады.

"Эки мамлекеттин ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүндө элчинин салымы зор. Мисалы, бир европалык өлкөнүн мамлекетибиздеги элчиси бир жыл ичинде эле чоң иш жасаган, мамлекеттерибиздин ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге көтөргөн. Мен ошол өлкөгө барып келгем",- деп элчини мактап, бирок ал кайсы мамлекеттин өкүлү экенин белгилебеди Атамбаев.

"Эгер элчи уктай берсе, эки мамлекеттин ортосунда мамилелер өнүкпөйт. Мындай да вариант болушу мүмкүн. Жаңы дайындалган элчилер менен жакшы иштешебиз деп үмүттөнөм. Биздин өлкө бурулуш учурдан өтүп жатат, өттү десек да болот. Биз өзүбүздүн жолубузду таптык. Сиздерге президенттик аппарат жана Тышкы иштер министрлиги тарабынан колдоо көрсөтүлөт. Үйүңүздөрдө ар дайым тынчтык болсун",- деп каалоо-тилегин билдирди элчилерге президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан