Бишкек шаардык соту Туризм департаментинин мурунку директору Максат Чакиевдин ишин карап, аны күчөтүлгөн режимде 3,5 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу SUPER. KG`ге шаардык соттун канцеляриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, сот иши 29-мартта экинчи инстанцияда каралып, Чакиевди күнөөлүү деп таап, аны 3 жыл 6 айга эркинен ажыратты. Буга чейин ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 6 жылга эркинен ажыратылган.
Айта кетсек, 2015-жылдын 28-май күнү Максат Чакиев 92 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалган. Ал эми 30-май күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аны 2 айга камакка алган. Бирок Бишкек шаардык соту аны 11-июнда үй камагына чыгарган.