Нарын облусунда "12 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган" деп айыпталган жаран 20 жылга эркинен ажыратылды

Нарын облусунда "12 жаштагы кызга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган" деп айыпталган жаран 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта SUPER.KG порталына Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Кочкор районунун 32 жаштагы М.А. аттуу тургуну "кошунасынын 12 жаштагы кызын зордуктоого аракет кылган" деген шек менен 2015-жылдын ноябрь айында камакка алынган. Кочкор райондук сотунун чечими менен 30-мартта айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркинен ажыратылды.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын 25-ноябрында Кочкор районунун Шамшы айылынын 32 жаштагы тургуну өзүнүн кызы менен ойноп жаткан 12 жаштагы кошунасынын кызын тоокканага алып кирип зордуктоого аракет кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Magusi
2016-03-31 16:18:23
Олсочу ошо озунун кызы менен тен наристеге кол салганча.
+2
Rifle_3
2016-03-31 17:05:51
Magusi,өлөт эм ал 20 жылдын ичинде. Геморрой да подарок болот.
+3
konsilium
2016-03-31 17:20:46
Ыраса болуптур,эми коро бер тиги жактан корчунду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан