Бишкек шаарынын вице-мэри Замирбек Малабеков арызын жазып, өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, бул кызматты убактылуу Э.Зарлыков аркаламакчы. Маалыматта З.Малабековдун эмне себептен иштен кеткени айтылбайт.
Кошумчалай кетсек, Бишкек мэри Албек Ибраимовдун кызматка шайланганына 1 айдан эми гана ашты.