Айрым ММКлар Үңкүр-Тоону "Өзбекстанга караштуу аймак" деп таанууга 2006-жылы Курманбек Бакиев макулдук бергени тууралуу жазып чыгышты

Аксыдагы Үңкүр-Тоону Өзбекстандын аймагы катары таанууга 2006-жылы Курманбек Бакиев макулдук бергени тууралуу бүгүн, 6-апрелде "Акипресс" жазып чыкты. Аталган тоо боюнча өлкөлөр ортосунда 4 жолу такташуу болгону, чек ара маселелери боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын акыркы жыйыны 2006-жылдын 23-сентябрында Ташкентте өтүп, тийиштүү протокол кабыл алынганы айтылат маалыматта.

2006-жылкы жыйындын айрым документтери жарыяланды. Андагы маалыматтарда Үңкүр-Тоо Өзбекстандын аймагында экени белгиленип, ал өзбекче Унгар-Тепа деп аталганы көрсөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан