Президент Алмазбек Атамбаев 7-апрелди иш күн эмес, майрам күн деп жарыялады

Мындан ары 7-апрель иш күн эмес, майрам күн болмокчу. Буга байланышкан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КРнын Эмгек кодексине жана “7-Апрель – Элдик Апрель революциясы күнү жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш бүгүн, 6-апрелдеги жыйынында үч окууда дароо кабыл алган. Президенттик аппараттан билдиришкендей, мыйзам президенттин расмий сайтына жарыялангандан баштап күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан