Москвадагы Серпухов музейи төрт буттуу кызматкер менен толукталды. Тагыраагы, Марай аттуу мышык тарыхый-көркөм музейдин жамаатына кошулду. Бул тууралуу маалымат аталган музейдин расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматтарга караганда, кызматкерлердин бирдей чечими менен мышык Марай ысымын алган. Ошондой эле ал көптөн бери музейде жашап жүргөнү аныкталган, бирок качан пайда болгонун эч ким байкаган эмес.
Кызыгы, ал айлык акыны котлета менен алат. Атайын мышыктар үчүн азыктарды жебейт. Күнүнө бир нече котлета, кечкиге балык жегенди жакшы көрөт.