Чек ара кызматы: Өзбекстан Ала-Букадагы такталбаган аймакка жол салган жок

Мамлекеттик чек ара кызматы "Өзбекстан Ала-Бука районундагы такталбаган аймакка жол курууда" деген маалыматты четке кагууда. Буга чейин жергиликтүү тургундар аталган райондун Чоң-Сай айылына жакын такталбаган жерге өзбек тарап жол куруп жатканын кабарлашкан. Райондогу тургундардын бири SUPER.KG порталына билдиргендей, бул маалымат боюнча комментарий берүүгө жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнө жогору жактан тыюу салынды. Чек ара кызматы бүгүн, 8-апрелде такталбаган аймакта эч кандай жол салуу иштери болбогонун маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан