2016-жылдын 11-апрелинде Бишкек шаарындагы Эне-Сай конушунда мас айдоочу №21-орто мектептин тосмосунан унаасы менен өтүп барып 8 жаштагы
Эдил аттуу окуучуну сүзүп кеткен. Жабырлануучу оор жаракаттардан улам ошол жерден
каза болгон. Кырсыкты биринчилерден болуп
SUPER.KG порталына аталган аймактын тургуну
Роза Кадыркулова кабарлап, айдоочуларды жоопкерчиликтүү болууга чакырган.
Мас айдоочунун жоопкерсиздигинен жаш баланын өмүрү кыйылган каргашалуу окуя "Элдик кабар" аркылуу коомчулукка тарап, кызуу талкууга алынды. Акыркы күндөрү мас абалдагы айдоочулардын көбөйүшү жол кыймылын көзөмөлдөөчүлөрдү тоготпой калгандыктын белгиси эмеспи? Бул окуянын эртеси Көк-Жар конушунда дагы бир окуучу айдоочунун айынан ооруканага жеткирилди. Жолдун жөө адамдар өтүүчү бөлүгүндө бараткан окуучуну катуу ылдамдыкта келаткан коомдук унаа сүзүп кеткен. Башынан, белинен оор жаракат алып, жаагы талкаланган 2-класстын окуучусу 1 айдан бери ооруканада комада жатат.
ИИМ жакында мас абалында кармалган айдоочулар көбөйүп кеткенин айтып, муну милициянын жакшы иштеп жатканы менен байланыштырды. МАИ кызматы жоюлуп, ордуна жаңы түзүлгөн Жол-патрулдук милициясы борбор шаардагы жол кыймылын көзөмөлдөөгө чамасы жетпей келет. Тагыраагы, автоунаа жана видеокамера жетишпей жүдөөдө. Айдоочулар ушул жагдайдан пайдаланып мас абалында рулга отуруудан чочулабай калышы ыктымал. Анын айынан бейкүнөө өмүрлөр кыйылууда.
Жогорку Кеңештин депутаттары буга чейин мас абалдагы айдоочуларга жазаны катуулатышып, айып пулдардын суммасын көтөрүшкөн, бирок жыйынтыгы ойдогудай эмес. Айрым өлкөлөрдө спирт ичимдигин ичип кармалган айдоочуларды айдоочулук күбөлүктөн түбөлүккө ажыратышат. Бизге да, балким, ушундай чара керектир, анткени айыптарды жогорулатуу чарасы айдоочуларга таасир этпей жаткандай.
Мектеп окуучусунун өлүмүнө себепкер болгон айдоочу камакка алынган, учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Окурман Роза Кадыркулованы SUPER.KG`нин редакциялык кеңеши апрель айынын жеңүүчүсү деп тапты. Кабардын автору заманбап смартфонду утту.
- Роза, саламатсызбы! Окуя болгон учурда сиз ошол жерде белеңиз?
- Мен ал каргашалуу окуя орун алган мектептен алыс эмес жерде бир жылдан бери жашайм. Ал күнү мен мектептин жанында элем, жаш баланын өмүрүн алган окуя көз алдымда болду. Унаа жүрүп эмес, мектептин короосуна учуп кирип бараткандай көрүндү. Жолдо бараткан адамдардын баары мектептин жанына чогулуп, ызы-чуу башталды. Мен да жөн карап тура алган жокмун. Алгач эч ким түшүнбөй жатты, анан эле катуу кыйкырыктар, аялдардын ыйы угулду. Көрсө, айдоочу мектептин короосунда турган жаш баланы сүзүптүр. Унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү орус балдар экен. Айдоочу башын мыкчып, жерде тизелеп отурду. Аларга жакын бара алган жокмун, жүрөгүм түшүп калды. Милиция кызматкерлери, "Тез жардам" окуя болгондон кийин 30 мүнөттөн кийин келди. Анан баланын атасы менен апасы келди, атасын балага жакындатпай коюшту, ал эми апасын туугандары унаадан чыгарбай жатышты. Көп өтпөй окуя болгон жерден кетип калган "Тез жардам" кайра чакырылып, жүрөгү ооруган эне ооруканага жеткирилген. Каза болгон баланын атасынын абалын, анын көз жашын сөз менен жеткирип бере албайм. Анын боздогон үнү, ыйы чогулгандардын баарын ыйлатты.
- Кабарды айдоочуларга эскертүү болсун деген ниетте жөнөттүңүзбү?
- Ооба, күндөн-күнгө көчөдө жүрүү кооптуу болуп баратат. Массалык маалымат каражаттарына жол кырсыктары жөнүндө кабарлар күн сайын чыгууда. Мындай кырсыктар адамдардын өлүмү менен аяктап жатканы абдан өкүнүчтүү. Баса белгилеп айта кетчү нерсе, башталгыч класстардын окуучуларынын жолдон жалгыз өтүшү чоң көйгөйгө айланууда. Айдоочулардын көбү жөө жүрүүчүнү өткөрбөй, жогорку ылдамдыкта жүрүп калышты, мунун кесепети бөөдө кырсыкка алып келип жатканы айтпаса да түшүнүктүү.
Жеңүүчү белегин кеңсебизге келип алып кетти.
Эсиңизде болсо, былтыр жазында SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүндө "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp же Viber аркылуу кабар жөнөтүп, ай сайын заманбап смартфон утуп алыңыз!" аттуу сынак старт алган. Сынакка туптуура 1 жыл болду. Бир жыл аралыгында окурмандар жөнөткөн көйгөйлөрдү жарыялап, алардын үнүн тийиштүү мамлекеттик органдарга жеткирүүгө, айтылган маселеге чара көрүлүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп бердик. Мыкты кабар жөнөткөн окурманды редакция ай сайын аныктап, жеңүүчүгө заманбап смартфон белек кылууну убадалаган. Бүгүн 13-жеңүүчү аныкталып отурат.
"ЭЛДИК КАБАР" өлкөнүн жарандары менен бийлик бутактарынын ортосунда көпүрөлүк кызматты аткарып, бир топ көйгөйдүн чечилишине салымын кошту. Окурмандардын саны улам артып, "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp жана Viber аркылуу +996 557 47-39-39 номерине кабар жөнөтүүнү улантышууда. Турмуштук көйгөйлөр: бийлик органдарынын шалаакылыгы, адам өмүрүнө коркунуч жараткан имараттар жана кулаганы калган дарактар, бузулган жолдор, шаардын жарыксыз көчөлөрү тууралуу маалыматтарын окурмандар биз менен бөлүшүү үстүндө. SUPER.KG порталы алардын көйгөйүн жана жакшы жаңылыктарын чагылдырууну мындан ары да уланта бермекчи.
"Элдик кабардын" буга чейинки жеңүүчүлөрү: