"Кара жорго" ырын ырдап, бийин катыра бийлеген Асел Касмакунова журналист Кубанычбек Эсенбаевге турмушка чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кубанычбек Эсенбаев билдирди.
Анын айтымында, алгач ата-бабанын салты менен сөйкө салынып, 20-апрелде чакан той өткөрүшкөн. Заманбап той күздө болору пландалууда.
“Аселди мурунтан эле жакындан тааныйм, "Кара жорго" ырын жаздырып, клип тартып чогуу иштешип калганбыз. Анын адамдык сапатын, тазалыгын, тыкандыгын, ак пейилдигин жактырып калдым. Ал жаныбарларды, жаш балдарды аябай жакшы көргөн боорукер, пейили кенен адам. Нике кайып экен. Көңүлүмө төп келгендиктен, ага үйлөнүү тууралуу сунушумду айтып, ойлонууга убакыт бердим. Кудай насип кылган экен, минтип баш кошуп калдык”, - дейт Кубанычбек Эсенбаев.