Бишкек шаарынын четиндеги Ак-Бата конушундагы №43-мектепте окуучулар 9-класска чейин билим алышат. Бул жакка Ак-Жар, Теңдик, Алтын-Казык, Адилет конуштарынан окуучулар келип окушат. Мектеп 198 окуучуга туураланганы менен, мектепте учурда 1065 бала окуйт.
Мектептин тарбия бөлүмүнүн башчысы Жумаш Усубалиева билдиргендей, Ак-Бата конушунун китепканасында башталгыч 3 классты окутууга туура келүүдө. Бош кабинет жоктугунан мугалимдер коридордо отуруп окуучулардын текшерүү иштерин текшеришет.
"Окуу класстарынын тартыштыгынан улам китепкананы колдонуп келгенбиз. Эми китепкананы бошотуу каралып жатат, бирок анда окуган 3 классты каякка батырарыбыз белгисиз. Окуучулар 4 нөөмөт менен окушат, ар бир класста 35тен кем эмес окуучу бар", - дейт ал.
Маалым болгондой, конушка 3 кабаттуу мектеп курууга демөөрчү табылган. Бирок салына турган жер маселеси менен 2013-жылдан бери Бишкек архитектурасына, Бишкек шаардык мэриясына кайрылып келишет. "Андан майнап чыкпай келүүдө, анткени мектеп салынуучу жер жеке бир кишиге карайт экен. Ал киши башка жер алып берүүсүн талап кылууда. Аны шаардык бийлик алып бергиси келбей жатат", - дейт Ак-Бата конушунун башчысы Руслан Жумабеков.