2016-жылдын алгачкы түшүмү болгон юбари сортундагы эки даана коон Япониядагы Хоккайдо аралындагы аукциондо 3 миллион иенага (27 200 доллар) рекорддук суммага сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлайт.
Маалыматтарга караганда, коондун мындай эң баалуу сортун Амагасаки шаарындагы дүкөндөрдүн биринин ээси сатып алган. Анын айтымында, коондун бул сортун дүкөнүнүн витринасына коюп, андан соң интернет-аукционго чыгарууну пландап жатат.
Юбари сортунун толук аталышы - юбари падышалык коондору. Алар шар сыяктуу тоголок формада, кабыгынын сырты жука болуп, ачык жашыл түстө. Мындай коондор эң мыкты белек катары да пайдаланылат. Юбари коондорун жыйноо май айында башталып, сентябрь айынын башына чейин уланат. Бир жылда орточо эсеп менен 4,3 тоннага жакын коон жыйналып алынат.