КҮНСЕРЕП: Депутаттар молдолорго тийишкенден коркушту

Бүгүн, 27-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

“Түгөйлөр расмий каттоодон өтмөйүнчө молдо нике окубасын. Бул мыйзамды бузуу менен диний жөрөлгө-нике окууга катышкандар, молдолор, ата-энелер 3 жылдан 5 жылга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылсын”... Жөнөкөй тил менен айтканда, ушундай мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып, депутаттар тарабынан колдоо таппады. Кыздарды бой жете элек кезде зордоп күйөөгө берүүдөн, сексуалдык, психикалык, моралдык зомбулуктан коргоону көздөгөн бул мыйзам долбоорун депутаттар Чолпон Жакупова, Исхак Масалиев, Аида Салянова, Өмүрбек Текебаев, Бахадыр Сулейманов, Эмил Токтошов, Гүлшат Асылбаева жана Аида Исмаилова демилгелеп чыгышты. Добуш берүүгө 105 депутат катталып, 44 эл өкүлү "макул", 61 депутат "каршы" деп добуш берди.

Демилгечилер расмий нике каттоодон өтпөй, диний жөрөлгө менен гана баш кошуп жашап жүргөн аялдардын укугу көп бузуларын, аларды коргоо зарылдыгынан улам да ушул мыйзам долбоору иштелип чыккандыгын билдиришти. Аида Салянова мыйзамдуу никеге турбаган түгөйлөр ажырашкан учурларда айымдар мамлекеттин көмөгүсүз калып жатканын айтат. Мисалы, ажырашкандан кийин ортодогу мүлктү бөлүүдө айымдар кур жалак калышат, анткени алардын күйөө-аял болгонун мамлекет тааныбайт.

Мыйзамдуу никеге туруу үчүн жубайлардын жашы 18ге толгон болушу шарт. Мыйзам кабыл алынса, кыздарды мектепти аяктай электе ала качуу, 16-17 жашында эркинен тыш күйөөгө берүү тыйылмак.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы белгилүү болгондон тартып интернеттеги социалдык тармактарда депутаттарга нааразычылык сындар жаай баштады. Жарандык активисттер эл өкүлдөрүн “педофилдерди коргодуңар” деп сындашууда.

“Мурунку башкы прокурор баш болуп ушундай демилгени көтөрүп чыгуу менен өлкө үчүн кооптуу ишти баштаганы турушат. Кыргыз Республикасы - светтик мамлекет. Мындай мыйзам кабыл алынса, анда диний жөрөлгөлөр мамлекеттик документ (жарандык абалдын актыларын каттоо) менен бир деңгээлге чыгат. Диний жөрөлгөнүн бирөөсүн мамлекет тааныса, демек, башкаларын да тааныш керек болот...” деп теманы талкуу кылгандардын арасында маселенин көпчүлүк анча маани бербей жаткан тарабын айтып чыккандар да болууда.

Мыйзам долбоорунун тагдырын 9 депутаттын добушу чечти. “Ата Мекен” фракциясынын өкүлдөрү жыйында жок депутаттардын атынан башка депутаттар мыйзам долбооруна “каршы” добуш бергенин айтып чыгышты. Мисалы, жыйында жок депутат Айнуру Алтыбаеванын ордуна башка кесиптеши кнопка басканы белгилүү болду. Мындан улам мыйзам долбоору парламентте кайра кароого коюлушу мүмкүн. Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, депутаттар мыйзам долбоорлору боюнча башка кесиптештери үчүн добуш бере алышпайт. 84-берене, 3-пунктта “депутат добуш берүү укугун жеке өзү жүзөгө ашырат” деп көрсөтүлгөн. Ал эми 85-берененин 4-пунктунда “добуш берүү укугун башка депутатка берүүгө тыюу салынат” деп белгиленген. Бирок жыйында жок кесиптешинин ордуна добуш берген учурда депутатка кандай жоопкерчилик каралары так жазылган эмес.

Жыйынга келбеген депутаттардын добушун колдонуу менен керектүү мыйзамды өткөрүп алуу же өткөрбөй коюу көрүнүшү Жогорку Кеңеште маал-маалы менен кайталанып туруучу көрүнүш. Мисалы, 2014-жылдын январында Жогорку Кеңеште "мамлекеттик чыккынчылык", "коррупция" жана "кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталган адамды кайсы убакыт болбосун жоопко тартууга мүмкүнчүлүк бере турган мыйзам каралган. Добуш берүүгө 99 депутат катталып, 44ү "макул", 55и "каршы" добуш берип, мыйзамды өткөрбөй коюшкан. Мыйзам кабыл алынып калганда “Кумтөр” боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына каршы келген келишимдерге кол койгондорду бүгүн да жоопко тартууга болмок. Бирок 10 жылдык мөөнөт өтүп кеткендиктен, алар кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетишти. Кылмыш жоопкерчилигине тартылуучу чиновниктердин тизмесинде ошол кездеги депутат Курманбек Осмонов да бар болчу. “Ата журтчу” фракциялаштарынан бир да депутат мыйзамга "макул" деп добуш берген эмес. Мыйзам өтпөй калгандан кийин демилгечилер жыйында жок депутаттардын атынан башкалар каршы добуш беришкенин айтып чыгышкан. “Каршы добуш берди” деп фамилиясы аталган депутаттардын бир тобу ордуна башка бирөө кнопка басып койгонун моюнга алышкан. Ошентип, парламенттин 5-чакырылышында бул көрүнүш “гүлдөп” кеткенде электрондук чип системи ишке киргизилген. Ар бир депутатка чип берилип, анысы жоктор добуш берүү процессине катыша албай калары айтылган. Бүгүнкү окуялар көрсөтүп тургандай, кайсы бир топтун кызыкчылыгын коргоого келгенде эл өкүлдөрүнө чип сиcтеми да тоскоолдук бере албайт өңдүү...

Парламенттин "Бир бол" фракциясында Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун иши талкууланды. Депутаттарга фонддун жетекчиси Кубанычбек Кулматов маалымат берди. Фракция мүчөлөрү фонд кыргыз өлкөсү күткөн жыйынтыкты көрсөтө албай жатат деп жыйынтык чыгарышты.

Фонд Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдикке кошулгандан кийинки мезгилде өлкө экономикасын колдоо багытында түзүлгөн. Анын уставдык капиталы 500 миллион долларды түзүп, акча кыргыз жеринде айыл чарба, кийим тигүү, текстиль жана өнөр жай тармагындагы долбоорлорду каржылоого жумшалмак. Быйыл март айында президент Алмазбек Атамбаев экономиканын негизги тармактарын жандантуу, өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу үчүн фонд толук түрдө ишин башташы керек экендигин, бирок иш жылбай жатканын айтып сындаган. Бул сындардан кийин Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жетекчилиги алмашып, Нурсулуу Ахметованын ордуна фонддун төрагалыгына Кубанычбек Кулматов келген.

Кулматов бүгүн фонд тарабынан каржылана турган 230 долбоор жактырылганын, аларды ишке ашырууга 84 миллион доллар бөлүнөрүн белгиледи. Коммерциялык банктар аркылуу жеке ишкерлерге акча берүү боюнча 10 банк менен макулдашуу түзүлгөнүн, дагы 10дон ашык банк фонд менен иштешүүгө ниеттенип жатканын айтты. Түзүлгөнүнө бир жарым жыл болсо да ишкерлер каражатты алып, иш башташа элек. Бул фонд да Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын кейпин кийбес бекен?..


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан