Бишкекте 28 жаштагы Каныкей Анапияева аттуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген келин 5-майда үч эм төрөгөн. Буга чейин 1 уул, 1 кызды тарбиялап келген Каныкей айым II топтогу майып. Төрөттөн кийин Каныкейдин кайын сиңдиси Астра Токталиева окуя боюнча SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө маалымат жиберген. Балдардын экөөсүнүн салмагы 1,9 килограмм, бириники 2,1 килограммды түзгөн. 3 күндөн кийин алардын бири чарчап калган. Аман калган наристелерге Узакбек жана Чынарбек деген ат коюлган.
Наристелердин биринин чарчап калганына каармандарыбыз дарыгерлердин шалаакылыгы себеп болгонун айтышат. Ак халатчандар наристенин эмес, накталай берилген акчанын көзүн карап калганы коомчулукта айтылып келет, кала берсе айтыла да берет.
Бүгүнкү күндө баладан баш тарткандар, күтүүсүз боюнда болуп, боюнан алдыргандар көп. Аларга каршы сот жок, албетте, бирок качандыр бир кезде алар да абийир сотуна туш болушар. Ал эми Каныкей Анапияева II топтогу майып экенине карабай өмүрүн, саламаттыгын тобокелге салып, 2 балага өмүр берди. Муну эрдик дебей эмне деп атоого болот?
Бул жаңылык сайтка жарыяланганда көптөгөн окурмандар өз ойлорун айтышты. Эне менен балдарга ден соолук тилегендер, дарыгерлерге наалат айткандар болду. Алардын катарында аларга үй берүүнү сунуштагандар да болушту. Учурда 4 баланын энеси Каныкей айым батирден батирге көчүп жашап жатканын айтып, үйдөн үмүт кыларын жашырган жок. Жаңы гана жарыкка келген эки наристе менен алар азырынча туугандарынын үйүндө жашап жатышат.
Ушул окуяны кабарлаган окурманыбыз Астра Токталиеваны SUPER.KG`нин редакциялык кеңеши май айынын жеңүүчүсү деп тапты. Кабардын авторуна заманбап смартфонду тапшырып, бир-эки ооз сөзүнө орун бердик.
- Астра, саламатсызбы! Кабарды кандайча жөнөтүп калдыңыз?
- Саламатсызбы! Жеңем үч эмди жарыкка алып келип, 3 күндөн кийин балдардын бири чарчап калды. Анализ кылып көрсөк да анын өлүмүнүн себеби белгисиз болуп калды. Ал окуяны коомчулук билсин деген ойдо "ЭЛДИК КАБАРга" жазгам. Биз бул көрүнүш дарыгерлердин шалаакылыгынан улам болду деп ойлойбуз. Журналисттер элдин керегине жарап, кыйын мезгилде жардам берерин билип жүрөбүз.
- Андан ары окуя кандай өнүктү?
- Андан кийин жеңемди 2 баласы менен төрөтканадан шаштырып эле үйгө чыгарып салышты. Коркуштубу же эмне себептен мындай кылышканын билбейм, бирок биз дарыгерлерге ишенбей калдык.
- Өзүңүз 11-классты аяктап жатыптырсыз. Кайсы кесиптин ээси болууну самайсыз?
- Мен дарыгер болом деген максат койдум. Бул окуялар, албетте, бизге катуу таасир этти. Мен дарыгерлер мындай болот деп ойлогон эмесмин. Ак халат кийип жүрүшсө ишине так деп ойлочумун. Дарыгердин баары жаман эмес, албетте. Ошентсе да алардын атын булгагандар болуп жатат. Баарыбыз тазарууну өзүбүздөн баштасак дейт элем. Мен бул кесип ээси болууну 6-классымдан бери максат кылып келем.
- Смартфонду утам деп ойлодуңуз беле?
- Мен "ЭЛДИК КАБАРга" маалымат жиберип жатканда смартфон утам деген ой жок болчу. Мага күтүүсүз белек болду, себеби бул тууралуу билбептирмин. Башкысы, окуяны элге жеткирүүнү максат кылгам. Өлкөдө коррупция бар, бирок ошону ачык айтуудан көбүбүз коркобуз. Ызы-чуу чыгарбай эле токтоп калабыз. Ачык айтып, күнөөлүүлөрдү издеп, алардын жоопко тартылуусун шарттасак, өлкөбүз өнүкмөк.
"ЭЛДИК КАБАР" өлкөнүн жарандары менен бийлик бутактарынын ортосунда көпүрөлүк кызматты аткарып, бир топ көйгөйдүн чечилишине салымын кошту. Окурмандардын саны улам артып, "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp жана Viber аркылуу +996 557 47-39-39 номерине кабар жөнөтүүнү улантышууда. Турмуштук көйгөйлөр: бийлик органдарынын шалаакылыгы, адам өмүрүнө коркунуч жараткан имараттар жана кулаганы калган дарактар, бузулган жолдор, шаардын жарыксыз көчөлөрү тууралуу маалыматтарын окурмандар биз менен бөлүшүү үстүндө. SUPER.KG порталы алардын көйгөйүн жана жакшы жаңылыктарын чагылдырууну мындан ары да уланта бермекчи.
"Элдик кабардын" буга чейинки жеңүүчүлөрү: