Жогорку Кеңеште чиновниктердин тойлорундагы ысырапкорчулукту чектөөгө багытталган мыйзам долбоору дагы сунушталат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган демилгенин авторлорунун бири депутат Аида Салянова билдирди.
Анын айтымында, депутаттардын көпчүлүгү эмне себептен аталган мыйзам долбоорун четке какканы ага түшүнүксүз.
"Палатада талкуу жүрүп жатканда айрым депутаттар "бул мыйзам долбоору менен кылымдардан бери келип жаткан кыргыз салттарына каршы чыгып жатабыз" дешти. Бирок бул демилге чиновниктерге гана тиешелүү. Баарыбыз билгендей, чиновниктердин орточо айлык акысы 10-15 миң сомдун тегереги болсо, алардын тойлорундагы чыгашалар 50-100 эсе көп болуп жатат. Жеке тойлорунда абдан чоң каражат сарпталат. Мындан улам суроо туулат: өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген адамда мындай ири көлөмдөгү каражат кайдан пайда болду? Биз буга унчукпай коррупцияга жол берип жатабыз", - деди Салянова.
Андан соң депутат аталган мыйзам долбоорун, мыйзамга ылайык, 6 айдан кийин дагы сунуштай турганын баса белгиледи.
"Депутаттар долбоордун концепциясын 1-окууда жактырышса, 2-окууга бардык сунуштарды эске алуу менен даярдап келмекпиз. Мыйзамга ылайык, эми бул демилгени 6 айдан кийин көтөрө алабыз. Жарым жылдан кийин депутаттардын ойлорун жана сунуштарын эске алып, коомдук талкууларды жүргүзүп, мыйзам долбоорун дагы алып чыгабыз", - деген пикирин айтты Салянова.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин 1-июндагы жыйынында “Кыргыз Республикасында салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке салуу жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча 1-окууда добуш берүү өткөн. Катталган 112 депутаттын 70и "каршы" деп добуш берсе, 42 депутат "макул" деп добуш берген. Жыйынтыгында долбоор 2-окууга өтпөй калган.