Кыргыз жарандары Казакстанда 30 күн каттоосуз жүрүү укугуна ээ болушат

Кыргыз жарандары Казакстанда 30 күн каттоосуз жүрүү укугуна ээ болушат. Казакстан тийиштүү өкмөттүк макулдашууга өзгөртүү киргизүүнү караган протокол даярдаганын аталган өлкөнүн ММКлары жазышты.

"Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында тең укуктуулукту жөнгө салуу максатында "Кыргыз Республикасы менен Казакстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу протокол даярдалды. Анда Казакстандын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстандын аймагында болуу тартиптери жазылган. Эки өлкөнүн жарандарынын ички иштер органдарында 30 күнгө чейин каттоого турбай жүрүшү каралууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, учурда Казакстанга кирген кыргыз жарандары 5 күндүн ичинде каттоого турушу керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Rifle_3
2016-06-03 15:45:47
Башка союздагы мамлекеттер менен андай жокпу , Россиядан башка ?
0
nazgul90
2016-06-03 16:41:12
Калп еле 9 жылдан бери журом Бакиев убагында 90 кун журот елек азыр андай эмес качан айтышкан 30 кун бекер болот деп азыр 5 кундон отуп кеткин эмне кылат екен.
+1
xnurgul_gul
2016-06-04 13:49:56
nazgul90,5dagy emes 4kun
0
Bek-jan
2016-06-03 17:34:23
Батыраак иш жузуно ашсын. Казакстанда иштеп жургон мекендештерибизге, базарда иштоо учун, женилдиктерди тузууну, ойлонушсада жакшы болмок.
+1
Beki092
2016-06-03 17:34:35
Алматыда рейд журуп жатат Кыргыз жарандарын кармап штраф салып калганын 10 кундон камап жатышат
Ошошдо Кыргыз жарандарына кандай жардам берет ЕЭБ биримдиги
+1
Beki092
2016-06-03 17:35:21
Супер инфо ушул жонундо билип бере аласыздарбы
0
Medina87
2016-06-04 00:23:13
Мен да Алматыдамын.
Т.С.га кошулганда аяяяябай кубандым эле. Бмрок ушул убакка чейин 5кун ичинде катттого туруп жургонмун убактылуу 3 айга. М:25-июнда кирди чыкты кылуум керек.
Иш жузуно ашса гана ии дебесем.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан