Чубак ажы Жалилов жума күнкү түшкү тыныгууну 1 саатка узартууга каршы депутаттарды жектеди

Дин аалымы Чубак ажы Жалилов жума күнкү түшкү тыныгууну 1 саатка узартуу аракетине каршы добуш берген депутаттарды айыптап кайрылуу жасады. Кечээ, 7-июнда парламенттин тийиштүү комитетинде жума күнкү тыныгууну 1 саат эмес, 2 саат кылуу нормасы каралган мыйзамдын долбоору талкууланып, ага 3 депутат "макул", 6 депутат "каршы" деп добуш берген. Демилгечилер жума намазына барууга мамлекеттик кызматта иштегендерге шарт түзүп берүү керектигин айтышууда. Жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен долбоор четке кагылды. Экс-муфтий долбоорго каршы чыккан депутаттарга кол берип учурашпай турганын, шайлоолордо аларга добуш бербөөгө жарандарды чакырарын айтты. Кыскасы, аларды коомдо өгөйлөөгө үндөдү.

Учурда коомчулукта бул маселе кызуу талкууга алынууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (124)
barpy1
2016-06-08 16:55:54
Биз Чубак ажыны канчалык сыйлаганыбыз менен ал жогорудагы создорду айтууга, саясатка аралашып кайсы бир саясатчыларды колдоп, кай бироолоруно каршы чыгууга баш мыйзам тыю салат. Биз динди да, баш мыйзамды да сыйлаганды уйронушубуз керек. Анын устуно Жума намазы учун кызматкерлерин бошотпогон ишканалар саналуу эле болсо керек.

Мен президент болгондо азыркы жекшемби эс алуу кунун Жума кунуно жылдырып, ишемби иш башы кун болмок. Ошону менен жогорудагы проблемалар да чечилмек.
+1
Abospekova
2016-06-08 23:30:26
barpy1,Сен президент болбойсунда жакшы жери.
-5
barpy1
2016-06-09 04:14:14
Abospekova, сага окшогондор коп болсо Атамбаев, Текебаевдер тактан тушпойт да элдин шоруна, же эл азыр жыргап жатабы?
0
barpy1
2016-06-08 16:58:13
Ансыз деле туштукто динге берилген жеке ишкер (автоунаа ондоо, набайкана ж.б.) озбек туугандар жума куну эс алып жекшемби кадимкидей иштешет.
+1
Abospekova
2016-06-08 23:32:06
barpy1, озбектерди эчип баратшат айлампаштар, айтсан арданышат анан.
0
barpy1
2016-06-09 04:22:15
Abospekova, кеп озбектерди ээрчигенде эмес, динди терен сыйлагандар учун ар Жума куну чакан майрам. Ошол кунду майрамдагыдай откоруп, Жума намазына да барып, айтор жакшы эс алышат. Жекшемби эс алуу болуп бизге христиандардан келген. Воскресенье-Христос воскрес, б.а. Христос кайра жаралды же тирилди деп жекшемби христиандар учун чакан майрам болгон мусулмандар учун Жума куну ыйык болгондой эле...
-1
AKCAHAT
2016-06-09 07:54:27
barpy1, калп айтпа жума кун эч кимиси эс албай иштешет тем более алар 7 кун бою иштейт
+2
Qnet
2016-06-08 17:02:31
А эмне добуш беруудо 9 эле депутат катышканбы 120 ичинен?
-1
barpy1
2016-06-08 17:10:02
Qnet, комитет ичиндеги талкуу болуп жатат, комитеттен отсо жалпы талкууга коюлат...
-2
Qnet
2016-06-08 17:27:49
barpy1,аа тушунуктуу,маани берип окубапмын
-2
qwert123
2016-06-08 17:59:19
Чубак ажы сабырдуу болуш керек деп айтып келет бирок озу сабырын кармабаптыр жаназа окубагыла деп бул маселени сабырдуулук менен элдин талкуусуна коюуп суйлошуулор менен чечиш керек
+5
Ozkgbiw
2016-06-08 18:53:20
Саясатка аралашпай эле койчу айланайын популярду болсон эле ......
+1
Ozkgbiw
2016-06-08 18:53:51
Намаз окууган адам озу эле убакыт табып алат
+4
doni78
2016-06-08 19:43:04
Озу бир Акаевтен зорго кутулсак дагы бири эй туугандар динден коркпой эле койгула
-4
Qnet
2016-06-08 20:30:31
Чубак ажынын кайрылуусун толугу менен кайдан окуса болот?
-1
kanima
2016-06-08 21:19:28
Жекшенби куну христиандар чиркоого барсын деп дем алыш кылынган. Ишенби куну жооттор барсын деп дем алыш болгон. Мусулман копчулукту тузгон олкодо 1 саат ашыкча убакыт болгонго эмнеге болбойт. Бул демократиялык олкодо адам укугун тепсегендик эмеспи?
-1
Adi.Avazbekov
2016-06-09 02:19:07
Tuugandar oiunarcha jogorku keneshte 120 deputtattyn 100 deputaty namaz okuit deisinerbi. Ashyp barsa 20 deputat okusa kk. Emne 20 deputat uchun myizamdy ozgortush kkbi. Okui turgan adam ubagyn taap oluit aga ech kim toskool bolo albait. Ansyz dele 50 deputat kelet jumuwka. ALar dagy 2 saat es alyw kkbi oilonsonor bolo. Uwundai bolsonor ech kachan onukboibuz. Biri dinge biri myizamga tartsa. Allah baaryn korup turat. Allahtyn aldyna barganda ar kim ozuno joop beret. Bul menin jeke pikirim.
+1
tabyshmak
2016-06-09 10:04:04
Саясатка диний сасыткылар аралашпаса экен. Саясатыбыз ансыз деле сасып кеткен. Пенденин баарын Кудай жараткан. Пенделер коп улутту тузот. Же эмне, укканынар, коргонунор барбы "Мусулманды Кудай, ал эми христианды крокодил жараткан" деп? Дуйно берген жаратуучу бир гана Кудай го. Ошол себептен ар бир улут оз тилинде Кудайга сыйынат... Андыктан, ажыкенин сунушун колдобогон депутаттарды "каапыр" деп атоодон алыс болуу керектен да зарыл.
0
SherhaN
2016-06-09 11:15:48
Оо айланайын туугандар урушпайлычы, Орозодо бири-бирибизге жакшы мамиледе бололу, баарысы чечилет иншаллах!
+1
admin_portal
2016-06-09 11:17:52
AKCAHAT, D.Malikov,Urmat_83, Abospekova, barpy1, кимдир-бирөөнүн кадыр баркына шек келтирген билдирүүлөргө тыюу салынат! жеке билдирүүлөр купуяга!
0
admin_portal
2016-06-09 11:23:14
Ican87, провокацияга жол жок! 3 күн БАН!
0
shirinai
2016-06-09 12:12:29
Урматтуу мусулман бир туугандарым, ыйык айда урушпайлычы. Ысыкта башынарды оорутуп эмне кыласынар. Ансыз деле биздин создорубузду алар окушпайт. Биз суйлой беребиз, баарыбир Алланын буйруганындай болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан