ИИМ мындан ары 5 багытта иш алып барат

Бүгүн, 14-июнда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп жатат. Министр өз сөзүндө бири-бирин кайталаган кызматтар жөнгө салына турганын айтты. "Бири-бирин кайталап жаткан кээ бир кызматтар бар. Бул бир ай аралыгында жөнгө салынат. Мындан сырткары 1-июлдан тарта өлкөнүн башка аймактарында патрулдук милиция иштей баштайт", - деп билдирди Жунушалиев.

Эскерте кетсек, Жол-патрулдук милиция Бишкек, Чүй, Ысык-Көл аймактарында 2016-жылдын 11-мартынан тарта иштей баштаган.

Министр ИИМ мындан ары 5 багытта иш алып бара турганын кошумчалады. "Калктын коопсуздугун камсыздоо үчүн 5 багытта иш алып барууну максат кылып жатабыз. Алар: коомдук коопсуздукту камсыздоо, реформа жүргүзүү, милициянын кесипкөйлүгүн арттыруу, "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу жана элдин ишенимине кирүү", - деди ал.

"Министрликте кадрдык өзгөрүүлөр болгон жок. Азырынча андай кадамдар жасала элек. Кызматтык орун алмашуулар болушу мүмкүн. Ал эми милициянын эмгек акысын жогорулатууга аракет жасайбыз, анткени биздин кызматкерлер эң аз маяна алып иштешет", - деп кошумчалады министр.

Реформа жасоого министр журналисттерден 100 күн убакыт сурады.

Белгилей кетсек, Кашкар Жунушалиев 2-июнда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ibi86kg
2016-06-14 14:50:15
Урматтуу, ИИМ министром эми Омурзаков Суйун Абдылдаевич мн алгылукту иш алпарыныз, Жалал-абад УВД да начальникги Жениш Жоробеков да алып келиниз Министрлике Алда жакшы кадыр .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан