Жумгал районундагы "Кара-Кече" көмүр казуу ишканасынын филиалында 1 айдан бери иш токтоп турат. Бул тууралуу Жумгал райондук жергиликтүү кеңештеринин кошмо жыйынынын төрагасы Калыбек Ажыгулов бүгүн, 24-июнда маалымат жыйынында билдирди.
"Кара-Кече" көмүр казуу ишканасына жаңы жетекчи келгенден бери күйүүчү май алынып келбей, техникаларга керектүү тетиктер алынбай, иш токтоп калды. 1 айдан бери 90 адам ишсиз жүрөт. Бул маселени жетекчибиз чечиш керек болчу", - деди Калыбек Ажыгулов. Ишкананын кызматкерлери президент Алмазбек Атамбаевге, премьер-министр Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жазышканын, бирок жыйынтык жок экенин кошумчалады төрага.
Буга чейин "Кара-Кече" филиалынын директору Таалай Ашыровго 2015-жылы 20-январда кылмыш иши козголуп, 2016-жылдын май айында жумуштан бошотулуп, ордуна Талант Бокешов келген.