Өткөн аптада Кочкор районунун Дөң-Алыш айылынан алыс эмес жердеги Мадияр жайлоосунан жергиликтүү чабандар сейрек кездешүүчү мадыл жандыгынын баласын кармап алгандыгы тууралуу кабар SUPER.KG порталына жарыяланып, коомчулукта кызуу талкууга алынган эле. Кийинчерээк кармап алгандар мадылды кайра коё беришкенин маалымдашкан.
Аймакка НАБУ (Германиянын табиятты коргоо уюмунун Кыргыз Республикасындагы филиалы) уюмунун кызматкерлери Амантур Талгартбек уулу менен Курманбек Дүйшеев барышып, мадылды коё берген жеринен таап, Бишкекке алып келишти. Учурда жандык ветеринардык адистин көзөмөлүнөн өтүп, абалы жакшы. Аны Ысык-Көлдүн Ананьев айылындагы реабилитациялык борборго жөнөтүүгө даярдап жатышат.
НАБУ уюмунун алдындагы Мыйзамсыз аңчылыкка каршы "Барс" тобунун жетекчиси Курманбек Дүйшеев жандыктын кантип кармалып калганы тууралуу буларга токтолду:
"Мадылды кармап алган балдар менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон жок. Айылдагы музейдин директору менен сүйлөштүк. Ал киши айыл тургундарына бул сейрек кездешүүчү жандык экенин түшүндүргөн соң жандык коё берилиптир. Эгерде биздин уюм тездик менен реакция кылып, жетип барбаса, иттерге таланып өлүп калышы мүмкүн эле. Алып келгенде абалы начар болчу. Иттерден катуу коркуп, ачка дагы экен. Адис келип укол сайды.
Азыр биздин милдет - мадылды аман-эсен реабилитациялык борборго өткөрүп берүү. Ал жакта белгилүү убакытка кармалат. Андан соң кайра эркиндикке коё берилет. Ал эми жашаган жерлерин аныктоо үчүн моюнуна каргы байлоо тууралуу илим изилдөө борборлору чечим чыгарышат".
"Мадыл - мышыктар түрүнө кирүүчү жандык. Буттары чоң, жүнүнөн айырмаланат. Бөксө тоолордо кездешет, азыгын түнкүсүн таап жегендиктен, адамдардын көзүнө чалдыкпайт.
Мадыл тууралуу кабар SUPER.KG порталына чыккандан кийин тез жетип барып сактап калдык, андыктан сиздерге ыраазычылык билдиребиз! Айтпай эле сейрек кездешкен жандыктарды өлтүрүп салган учурлар да кездешет", - деп кошумчалады Дүйшеев.
Мадылды таап, Бишкек шаарына алып келгендердин бири, "Барс" тобунун кызматкери Амантур Талгартбек уулу мындай дейт:
"Жандык колдон тамак жебейт, эт беришсе да жебей коюптур. Ачка, алсыз болгондуктан, коё берилген жерден алыс деле узап кетпептир. Бизге кайсы жерге коё беришкенин көрсөтүштү, ошол жерден 100 метр алыстыктан издеп баштадык. Ошол эле жерде жүрүптүр. Качып кете алгыдай алы жок экен. Акырын кармап алып келдик. Ветеринардык адис текшерип, укол берген соң тамак жеп калды".
Белгилей кетсек, мадыл 1975-жылы Кызыл китепке кирип, сейрек кездешүүчү жандык катары коргоого алынган. Бул жандыкты кармоого, ага аңчылык кылууга тыюу салынган. Мадылды өлтүргөндөргө 25 миң сом өлчөмүндөгү айып пул каралган.
“Барс” тобунун кызматкерлери коргоого муктаж сейрек кездешүүчү жаныбарларды көргөн жарандарды 0709 88 87 38 номерине чалып, кабарлап коюуну өтүнүшөт.