Орусия Кыргыз Республикасынан ташылып баруучу продукцияны чек арадан текшерүүнү токтотту. Орусиянын айыл чарба продукциясына көзөмөл жүргүзүүчү мекемеси кабыл алган чаралардын натыйжасында Кыргыз Республикасынан тез бузулуучу продукцияны ташып бараткан унаалар мындан ары казак-орус чек арасынан токтоосуз өтө алышат.
Кыргыз Республикасы 2015-жылы Армения, Беларусь, Орусия жана Казакстан кирген Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө болгон. Ортодогу макулдашууга ылайык, аталган өлкөлөр арасында бажы көзөмөлү жок. Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБге кирүүсүнүн негизги артыкчылыгы катары айыл чарба продукциясын, эт, сүт азыктарын коңшу өлкөлөргө эч тоскоолдуксуз, текшерүүсүз сатуу мүмкүнчүлүгү аталган. Бирок Казакстан, Орусия тараптан бир нече жолу бул макулдашуу бузулуп, кыргыз өлкөсүнүн дыйкандары өндүргөн продукция чек арадан өтпөй калган болчу.