Баткен облусунда 16 жаштагы кызын зордуктап жүрүп, кызы кош бойлуу болуп калганда Орусияга качып кеткен жаран мамлекет аралык издөөгө жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов билдирди.
"Окуя 2015-жылы болгон. Анда аялы ооруп, шаарга 2 айга дарыланганга кеткенде 1973-жылы туулган жаран 16 жаштагы кызын зордуктап жүргөн. Кийин кызынын боюнда бар экенин билип, өткөн жылдын декабрь айында Орусияга чыгып кеткен. Учурда ал кайсы шаарда экени белгисиз. Кылмышка шектүүнүн апасы небересин Тажикстанга алып барып дарынын жардамы менен төрөткөнү маалым. Бала тирүү же өлүү төрөлгөнү белгисиз, ымыркай Марказ айылына алынып келинип жерге берилгени айтылууда. Кийин 16 жаштагы кыз катуу ооруп калып дарыланган, бул тууралуу кеп айылга тарап, окуя тууралуу белгилүү болгон. 5-август күнү кылмышка шектүүнүн аялы окуяны милицияга билдирип, арыз жазган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү мамлекет аралык издөөгө жарыяланды", - деп билдирди Сейитов.
Маалыматка ылайык, учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, милиция кызматкерлери Тажикстанга да жиберилген. Алар кыздын кайсы ооруканада төрөгөнүн жана ымыркай кайсы жакта жерге берилгенин иликтеп чыгышмакчы.
"Бул үй-бүлө окуяны жашырууга болгон күч-аракеттерин жумшаган. Бирок бул тууралуу айылга белгилүү болгондон кийин кылмышка шектүүнүн аялы милицияга арыз менен кайрылган. Кылмышка шектүүнүн ата-энеси 70 жаштан өтүп калган, окуя тууралуу бирин айтса, бирин жашырууда. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат, себеби арыз ээсинин сөздөрүнөн башка далилдер жок болууда. Жакынкы убакыт аралыгында баары белгилүү болот", - деп кошумчалады Сейитов.