Кыргыз спортчусу Иззат Артыков "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынан уткан коло медалынан ажыратылды. Мындай чечимди Эл аралык спорт арбитраждык соту чыгарганы бүгүн, 18-августта кабарланды. Маалым болгондой, Артыков "допинг колдонду" деп айыпталып, Олимпиада оюндарынан четтетилди. Спортчунун заарасынан стрихнин заты табылган деп белгиленүүдө.
Эскерте кетсек, 10-августка караган түнү Бразилияда өтүп жаткан "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында оор атлетика боюнча 69 килограмм салмакта жеңүүчүлөр аныкталып, жыйынтыгында кыргыз спортчусу Иззат Артыков 21 спортчунун ичинен 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынган.
Маалымат үчүн: Стрихнин заты терапиялык дозада колдонгондо сезүү органдарын күчтөп, борбордук нерв системин дүүлүктүрүп, рефлектордук реакциясын (көрүү, угуу, даам, жыт сезүүнү) жогорулатат. Стрихнин жалпы зат алмашуу процесси төмөндөгөн учурда, бат чарчоодо, гипотониялык ооруларда, организмдин уулануусунан же инфекциянын айынан жүрөктүн иштеши начарлаганда сергитүүчү каражат катары да колдонулат.