Белгилүү ырчы Григорий Лепс "Жаңы толкун" сынагында Нурсултан Азыкбаев менен дуэт ырдоону тандады

Жаш ырчы Нурсултан Азыкбаев "Жаңы толкун" сынагынын финалында орусиялык белгилүү ырчы Григорий Лепс менен ырдайт. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Назбек Кенчинбаев билдирди.

"Нурсултан "Жаңы толкун" сынагынын 1-2-турунан өтүп, финалга чыкты. Менин билишимче, финалга чыккан ырчылардын арасынан Нурсултанды Григорий Лепс өзү тандап алыптыр. Эми финалда ал Лепс менен чогуу дуэт аткарат. Эртең, 23-августта сынакка даярдануу үчүн Москва шаарына учуп кетет. Учурда Нурсултан сынакка кызуу даярданып жатат. Ал жакта музыканы түшүнгөн, мыкты музыканттар отурат эмеспи, буюрса, биздин жигит жакшы ийгиликтерге жетишет деп ишенебиз, үмүт кылабыз", - деп билдирди Н.Кенчинбаев.

Белгилей кетсек, "Жаңы толкун" музыкалык сынагы 3-9-сентябрь күндөрү Сочи шаарында орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ali-han
2016-08-22 14:15:51
Красавчик
+3
Dadasdasd
2016-08-22 14:32:26
Кадыравдун суротун тартып Чечняга жоногон бала эмне болду кабарлап турсанар боло админ.
+2
Maks_shop
2016-08-22 14:41:18
Ооо Лепс ото талантуу адам
+3
Keremet008
2016-08-22 14:50:00
Ийгилик Лепс мн ырдоо да өзүнчө бир сыймык.
+3
Sara07
2016-08-22 17:47:55
Азамат ,мен woman.ru сайтында добуш берген элем . Силерден да суранып отом ))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан