Узундугу 1,5 чакырымга жеткен Кытайдын Пекин шаарынан 24-августта келген кербен II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына күбө болот. Кербенди кыргыз жергесинде салтанаттуу түрдө тосуп алышты. Бул тууралуу "Достуктун жана кызматташтыктын кербени" демилгесинин Кыргыз жергесиндеги басма сөз кызматы билдирди.
Орто кылымдагы кийимдерди кийген кытай ишкерлери кербен менен Европаны көздөй Улуу Жибек жолу менен мыкты делген чай сортторун ташып бара жатышат. Аларды 10 ат араба, 50дөн ашык төө жана бир нече унаа коштоодо. Кербен 2019-жылы Италиянын Рим шаарына жетип барары белгилүү болду.
Кербендин катышуучулары жолундагы тыныгуулар учурунда кытай салты боюнча чай аземдерин өткөрүшөт.