ЖЫЛНААМА, 26-АВГУСТ: Мындан 36 жыл мурун "Үйдө жалгыз" тасмасында Кевиндин ролу менен атактуулукка жеткен Маколей Калкин туулган

Мындан 36 жыл мурун, 1980-жылы 26-августта "Үйдө жалгыз” тасмасындагы ролу менен дүйнөгө популярдуу болгон америкалык актёр Маколей Карсон Калкин Нью-Йорк шаарында туулган. Ал 4 жашында эле жарнамалык түрмөктөргө тартыла баштаган. 6 жашынан баштап тасмаларга тартылууга чакыруулар түшкөн. Маколей 6 жашынан 14 жашына чейин аб­дан көп тасмаларга тартылып, өзү­нө эле эмес, үй-бүлө­сү­нө жетерлик акча топтойт да, тасмага тар­тылуусун токтоткон. Ал ошол мезгилде мындан ары кино дүйнө­сү­нө такыр кайтып келбөөнү ойлойт, бирок 2004-жылы, 10 жылдан кийин “Кеченин жырткычы” тасмасына тартылуу менен актёрдук кесибине кайрадан кайрылып келген.

Маколей Калкин тартылган белгилүү тасмалар: “Үйдө жалгыз” ("Один дома", 1990), "Менин кызым" ("Моя дочь", 1991), “Үйдө жалгыз-2: Нью-Йоркто жоголгон” ("Один дома-2: Потерянный в Нью-Йорке", 1992), "Жакшы уул" ("Хороший сын", 1993), "Бай Ричи" ("Богатенький Ричи", 1994).
Маколейдин айтымы боюнча, атасы үчүн ал акча тапчу робот болгон. Наристеге мынчалык даңк оордук кыларын убагында эч ким ойлогон эмес. Репортёрлордун, режиссёрлордун, өзүнө кызыккан элдин тыткынында калганы менен да эч кимдин иши болбогон.
"Башында киного тартылуу мага жакса, кийин кыйналып кеттим. Элдин көзүндө болуудан тажап, мектепке баргым келип, башка балдардай эркин болгум келчү, бирок аны эч ким ойлободу", - деген Маколей.
Маколей көп жылдар бою эл көзүнөн алыс болууну самап, 17 жашында өзүнүн кесиптеши, актриса Рэйчел Майнерге үйлөнүп, 2 жыл жашаган. Рэйчел "Маколей депрессияга кабыла бергенден андан кетип калган" деген сөздөр тараган.
2002-жылдан тарта актриса Мила Кунис менен мамиле куруп, экөө 2011-жылы эки жолго түшүшкөн. Ушул окуядан кийин актёр ого бетер депрессияга кабылганы байкалган. Ал 2012-жылы тынымсыз героин жана ооруну сездирбөөчү каражаттарды колдонуп, мындай жоругунан улам актёрдун чөйрөсүндө күмөн жаратчу адамдар пайда болуп, анын Манхеттендеги батири баңгилердин уясына айланган.
2013-жылы Маколей кайрадан актриса Жордан Лейн Прайс менен кыз-жигит болгон. Бирок бир жыл айланбай, Калкинди башка сары чачтуу кыз менен көрүшкөн. Учурда "The Pizza Underground" рок-тобун жетектеп келет.
Маколей Калкин тууралуу кызыктуу фактылар:
  • "Үйдө жалгыз" комедиясы 1990-жылы көгүлтүр экранга чыгары менен тасма жаратуучуларга 500 миллион доллар киреше алып келсе, Маколей 100 миң доллар гана гонорар алган.
  • "Үйдө жалгыз-2" тасмасы үчүн 5 миллион доллар, "Бай Риччи" тасмасы үчүн 8 миллион доллар гонорар алган Маколей "Эң көп акча тапкан жаш актёр" деп аталып, "Гиннесстин рекорддор китебине" катталган.
  • АКШнын мурунку президенти Билл Клинтон да өзүнүн инаугурациясында Маколейди сый коноктордун арасына кошкон.
  • Маколей Калкин Майкл Жексондун 2 уулунун өкүл атасы болуп саналат.
26-августтун жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aman-moskva
2016-08-26 13:47:41
Жакшы кино болгон жакшы адам дын ролун аткарган коп кызды коруп койуп тур ха ха
-1
ZANIA-92
2016-08-26 14:13:27
Кичинекей кезиндеги образдары менен эле элдин эсине туболук калса болмок экен. Азыр кебетеси озгоруптур саксайып суксайып,анын устуно героин колдонуп банги болупда кетиптир... ошонусу жийиркеништуу болуп калыптыр да.
+1
tima01
2016-08-26 15:15:48
Ушул кино азыркыга чейин экрандан кете элек бул кинону корбогон адам жок болсо керек зынк кино!
+1
guljigit96
2016-08-26 15:32:42
Ушул актёр чоңойбой эле койбоптур, кичинесинде кандай сонун бала эле
+2
Beksultan-007
2016-08-26 15:46:04
Озуно озу кылыптырда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан