Бүгүн, 27-августта Бишкек-Ош унаа жолунун 178-чакырымында адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.
Маалыматта белгилүү болгондой, окуя түшкү саат 12:00 чамасында Чүй облусунун Жайыл районунун аймагында катталган. Кырсыктын кесепетинен 8 киши окуя болгон жерден мерт болуп, бирөө ооруканага жеткирилген соң оор жаракаттан улам каза тапкан.
"Кырсык болгон жерде Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү автоунаа менен Мицубиси Лансер үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Каза болгондордун аты-жөнүн тактоо иштери жүрүүдө. Мерт болгон 9 адамдан сырткары дагы бир бейтап ооруканада", - деп жазылат маалыматта.