Жайыл районунда жол кырсыгынан каза тапкан 9 адамдын аты-жөнү белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 27-август күнү саат 11:20 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 178-чакырымында болгон. Анда Мицубиси Лансер унаасы менен Фольксваген Пассат унаасы сүзүшкөн. Анын кесепетинен биринчи унаадагы 1986-жылы туулган Болот Жумадылов, 1983-жылы туулган Тынчтыкбек Кулов, 1979-жылы туулган Айзада Исмаилова, 1984-жылы туулган Нурдин Касымов жана экинчи унаадагы 1980-жылы туулган Жылдызбек Шүкүров, келинчеги 1980-жылы туулган Элнура Шүкүрова, 3 жумалык эгиз балдары Аэлин Шүкүрова жана Алият Шүкүров кырсык болгон жерден жан беришсе, болжол менен 2002-2003-жылы туулган Жылдызбек кызы Нурайым ооруканага жетпей каза тапкан.
Учурда Мицубиси Лансер унаасындагы 2010-жылы туулган Арсен Бакытбеков ооруканада. Дарыгерлердин айтымында, абалы өтө оор.