Токтогулда үй ээсин ок атуучу курал менен коркутуп, 400 миң сомдук зер буюмдарды алып кеткендер изделүүдө

Токтогулда үй ээсин ок атуучу курал менен коркутуп, кымбат баалуу зер буюмдарды алып кеткендер изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

"21-августтан 22-августка караган түнү саат 03:00 чамасында Токтогул шаарындагы үйлөрдүн бирине белгисиз бет капчан 3 жаран ок атуучу курал жана темир таяктар менен кирип үй ээлерин коркутушуп, колу-буттарын скотч менен байлап, тоноп кетишкен. Алар 25 миң сомдук сыналгы, 7 миң сомдук уюлдук телефон, 10 миң сомдук азем белек саат, 400 миң сомдук зер буюмдарын алып, үйдүн короосунда токтоп турган Лексус 470 үлгүсүндөгү унаанын алдынкы айнектерин сындырып изин жашырып кетишкен", - деп билдиришти ОИИБинен.

Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө тобу кылмышкерлерди издөө иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Kypchak
2016-09-02 13:17:33
Ушундай жырткычтар көбөйүп кетти. Кудайдын алдында жооп берет. Урук-тукумуна чейин жакшылык көрбөйт. Кудай өзүң сактай көр.
+2
Toktogul.
2016-09-02 13:33:55
Ыраз эле болду мунун кантип байыганын элдин баары билет
+3
Arslan12
2016-09-02 14:29:08
Toktogul., Эмне сага отчет берип журду беле кантип байыганын!
+2
Sharos3
2016-09-02 15:59:19
Герсейген начар адамго, билген учун
айылдаштары айтып ататда
-2
Nurkyz1977
2016-09-02 16:28:58
Toktogul.,ким деген киши эле аты жонун сыр болбосо жазып койчу сураныч, мен да сенин жердешин болом.
0
Babi.
2016-09-02 17:14:04
ошо да ким экен жазып коюнуздар
0
chyngyz15
2016-09-03 20:03:22
Ал адам жакшыбы жаманбы билип билбей айтыш кыйын ошонтсе да каратып туруп тоноп кетишкени жаман болуптур ...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан