Бишкек-Ош унаа жолунда жер көчкү жүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жер көчкү аталган унаа жолунун 640-650-чакырымында бүгүн саат 15:00 чамасында болгон. Натыйжада жолдун бир жак бети жабылып калган. Учурда тазалоо иштерине Өзгөн райондук №959-Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылды. Табигый кырсыктан жабыркагандар жок.