Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 5 адам каза болду

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 5 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жол кырсыгы бүгүн саат 14:15 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 377-чакырымында болгон. Анда Хово үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен Тойота үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүшкөн. Натыйжада оор жаракаттардан улам 5 адам каза тапкан.

"Окуя болгон жерге ӨКМнын 94-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары, Патрулдук милициянын кызматкерлери жана "Тез жардамдын" кызматкерлери чыгып кетишти. Учурда тактоо иштери жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nur1k
2016-09-13 15:35:35
Кыргыздар кырылып эле атабызго. Жаткан жерлери жайлуу, топурагы торко болсун аминь
+4
shamshiev.80
2016-09-13 15:41:57
Жайыраак журушсо болмок
+7
ilgis1991
2016-09-13 15:49:11
Азыркы заманда кичине коркуп жай айдаган айдоочуну дегеле корбойсун.Баары шашат,(тиги дуйного)сактансан сактайм деген.
+7
Erl017
2016-09-13 15:59:13
Кан жолдо абайласанарчы деги ((
+6
kyrgyz_girl
2016-09-13 16:44:20
Кундо авариядан каза болду жанылык! Дагы суперге чыкбаганы канча? Абайлайлычы жолдо туугандар.....
+2
Uson13
2016-09-13 18:49:01
Ушунча адамдын жоопкерчилигин мойнуна алгандан кийин акырын эле айдабайбы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан