Иса Өмүркулов: "Ата Мекен" менен "Өнүгүү-Прогресс" көпчүлүк коалициясынан чыксын"

Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов "Ата Мекен" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракцияларынын лидерлерине парламенттеги коалициялык көпчүлүктөн чыгууну сунуштады.

"Ата Мекен" Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгып, бизди улам-улам сындап жатат. "Өнүгүү-Прогресс" да парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламент регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орунун биз менен талашып жатат. Эгер коалициялык көпчүлүктө макулдук жок болсо, бири-бирибизди түшүнбөсөк, анда бул эки фракция коалициядан чыксын", - деди Өмүркулов.

Айта кетсек, Жогорку Кеңештин коалициялык көпчүлүгүнө 4 фракция кирет. Алар: КСДП, "Өнүгүү-Прогресс", "Ата Мекен" жана "Кыргызстан". Ал эми "Республика-Ата Журт" менен "Бир бол" фракциялары азчылык коалициясына киришет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан