Депутат Мээрбек Мискенбаев Жогорку Кеңештин 14-сентябрдагы жыйынында төрага Чыныбай Турсунбековдун депутат Өмүрбек Текебаевге беш ирет трибунага чыгуусуна уруксат бергенине нааразы болду. "Мен сөз сүйлөө үчүн эртең менен жазылгам, бирок бир да жолу сүйлөгөн жокмун. Текебаев беш ирет трибунага чыкты. Андай болсо трибунаны Текебаевдин жанына жылдырып берип коюңуз", - деп айтты депутат.
Спикер Турсунбеков Текебаев фракция лидери экенин баса белгилеп, Мискенбаевди абайлап сүйлөөгө чакырды. Ал ортодо депутат Мирлан Бакиров Мискенбаевге кайрылып: "Текебаевдин деңгээлине жетүү үчүн сен экөөбүзгө көп бар", - деди.