"Атамбаев борбордук аянттан оппоненттерин каралаган эле. Мен башка диктаторлор менен күрөшкөм, бирок Акаев менен Бакиев мынчалык деңгээлге түшкөн эмес", - деди бүгүн, 19-сентябрда маалымат жыйынында Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев.
"Атамбаев жердештери аркылуу анын Кой-Таштагы хан сарайы тууралуу мага жашыруун маалыматты берген адамдарды тапканы жатат. Алар айылдагы бардык үйлөргө иттер менен кирип издешиптир. Атамбаевдин бир топ жердештери мага келип, жашыруун маалыматты берген адамдарды аларга берүүнү менден талап кылып жатышат. Алар таап алышса, ур-токмокко алышы мүмкүн. Бул коркутуу аракеттери. Бул тоталитардык мамлекетти куруунун белгиси", - деди Текебаев.