ЖЫЛНААМА, 20-СЕНТЯБРЬ: Италиялык актриса жана ырчы Софи Лорен 82 жашка толду

Атактуу италиялык актриса жана ырчы Софи Лорен бүгүн, 20-сентябрда 82 жашка толду. Ал Италиянын Рим шаарында туулган. 1950-жылы "Мисс Италия" сулуулук сынагында 16 жаштагы Лоренди белгилүү кинопродюсер Карло Понти көрүп сүйүп калган. Продюсер Лоренден 22 жаш улуу жана ал учурда үй-бүлөлүү болгон. Көп өтпөй сүйүшкөндөр Мексикада жашыруун үйлөнүп алышкан, бирок эки аял алган деген күнөө коюлбасын деп алар кайра ажырашууга мажбур болушкан. Көп жыл өткөндөн кийин Понти жубайы менен ажырашып, таанышкандан 16 жыл өткөн соң Софи Лорен менен Карло Понти 1966-жылы 9-апрелде расмий түрдө үйлөнүшкөн. Карло мыкты жолдош гана болбостон, актрисанын чыныгы досу, кеңешчиси болуп, Лорен үчүн пайдалуу келишимдерди түзүп, Голливудда ийгиликке жетишүүсүнө чоң салым кошкон. Түгөйлөр жарым кылымдан ашык чогуу жашап, эки балалуу болушуп, Голливуддагы эң бекем үй-бүлөлөрдүн катарын толуктаган. Карло 2007-жылы каза болгон.

Ал Канн (1961), Венеция (1958, 1998, 2002), Москва (1965, 1997), Берлин (1994) кинофестивалдарынын сыйлыктарына ээ болгон. Ошондой эле "Алтын глобуска" беш жолу татыктуу болуп, биринчи жолу берилген "Оскар" сыйлыгына арзыган.

Софи Лорен "Чочара", "Вчера, сегодня, завтра", "Брак по-итальянски", "Подсолнухи", "Чёрная орхидея", "Это началось в Неаполе", "Миллионеры", "Графиня из Гонконга", "Поездка" сыяктуу көптөгөн тасмаларда көрүнүктүү ролдорду жараткан.

20-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан