Москвада "өз мекендештерин карактап, тоноп, опузалап жүргөн" деген шек менен 6 кыргыз жараны кармалды (фото)

Москва шаарында Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынан турган кылмыштуу топтун мүчөлөрү колго түшүштү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 6 адам кармалды. "Булар жыл башынан бери Москва шаарында өз мекендештерин карактап, тоноп, опузалап жүрүшкөн. Жабырлануучуларды токойго алып чыгып денелерине оор залал келтиришип, кээ бир жабырлануучулар коркконунан мекенине учуп кетишкен. Сүрөттөгү кармалган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн тааныгандар болсо, ким жабыр тарткан болсо, Москвадагы элчиликке келип же телефон аркылуу кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Андан сырткары булар кармалган учурда башка бирөөлөрдүн паспорттору менен жүрүшкөн. Бул паспорттордун ээлери жабырлануучулар болушу мүмкүн, анткени кармалгандардын бири бизге арыз жазган жабырлануучунун паспорту менен жүргөн. Сүрөттөгү паспорт ээлерин тааныгандар болсо, бизге кабарлап койсоңуздар. Дареги: Москва шаары, Большая Ордынка көчөсү-62 же +7 (926) 189-10-17 телефон номерине чалыңыздар", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (45)
madiyar1
2016-09-24 23:53:45
Жазалаш керек катуу
0
madiyar1
2016-09-24 23:54:09
Колун кесиш керек !!!
0
Sirduusezim
2016-09-24 23:57:20
Нысап берегор кудай
0
Belek2070
2016-09-25 00:13:29
Буларды чаап салыш керек!!!
+1
kalima88
2016-09-25 01:12:58
6 чы сурооттогу бала абдан тааныш учурап атат, аты-жонун кошо жазышса болмок ...
+1
alsuademi
2016-09-25 01:50:46
Бетин коргозуп койсонуздар биз азыркы учурда москвада турабыз 1 жарым ай мурун биздин да квартирабызды бир бала 10кун жашап туруп тоноп кеткен балким арасында бардыр
+2
Guzi88
2016-09-25 03:04:02
Ошончо кылмыш кылган адамдын бетин коргозбой койбой ачык тартышынар керек эле эл билсин ким экенин таанышсын жаман иштин козун жапкандай кылып жаап койбостон ачык тартпапсыздарда
0
gitaris93
2016-09-25 10:10:32
Ээ Кыргызым ушунча жеңилдикти көтөрө албай өзүбүздү өзүбүз тоноп жатабыз, өзбек, тажиктерге окшоп айына 5миң патент төлөп жашаган жокпузго,эми ушундай мекендештердин айынан менттер да өзбек,тажике караганда кыргыздарды каттуу текшерип жатышат.
0
gulperi.kg
2016-09-25 10:41:09
Колунан иш келбеген ашкабак баштар.Уяты жоктор.
0
AKCAHAT
2016-09-25 21:04:31
Бул жанакы патриотторго. Ошо россияда ХХХ ХХХ ХХХ
+1
admin_portal
2016-09-26 17:33:26
AKCAHAT, провокациялык билдирүүлөрдү калтыруудан алыс болуңуз!
-1
ulan4ik.80
2016-09-25 21:40:06
Москвада толтура ушундай талап тоногондор деп коп угам,болгондода только кыргыздарды кыргыздар тоношот деп айтышат.
0
ulan4ik.80
2016-09-25 21:41:03
Болбогон бираз акча учун оздорунун келечегин сындырышат
+1
Nur1k
2016-09-26 00:28:30
Малдан айырмасы жок хххдор
0
89elnura89
2016-09-26 13:18:12
Аты мн фамилиясын жазып одноклассниктен или инстаграмдан коргуло
+1
Azizbekbek
2016-09-26 22:54:32
Ушинтип кыргыздар бирин бири тоноп журот,башка улуттагыларга тиши отпойт100%.Анан мактанганы кыргыздар асмандан суйлойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан