Ошто мал уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
ИИМдин маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрында милицияга 49 жаштагы С.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган.
“Арызда ал белгисиз адам 4 уюн уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп, кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 31 жаштагы тургуну кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деп айтылат ИИМдин маалыматында.