2017-жылдын 1-октябрына чейин 2,5 миллион жарандын паспортун (ID-карта) жаңы электрондук паспортко алмаштыруу пландалууда. Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашевдин билдиришинче, быйылкы жылдын аягына чейин электрондук биометрикалык паспортторду жайылтуу ишинин даярдыгы бүтөт.
"2017-жылдын 1-октябрына карата 2,5 миллион
ID-картаны электрондук биометрикалык ID-картага алмаштыруу күтүлүүдө. Иштин бир бөлүгү 2017-жылдын январында башталат. Пессимисттер бул убакыт аралыгында мынча сандагы паспортту алмаштыруу мүмкүн эместигин айтышат. Бирок биометрикалык маалыматтарды жыйноодогу тажрыйба көрсөттү, бул ишке аша турган нерсе. Бул багытта Мамлекеттик каттоо кызматы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик, облустук жана райондук администрациялар, мэриялар менен тыгыз иштешет", - дейт Сарпашев.