Учурда Дананг шаарында (Вьетнам) кумда ойнолуучу Азия оюндары өтүп жатат. 5-ирет уюштурулуп жаткан мелдеш 24-сентябрда старт алган жана 3-октябрда жыйынтыкталат. Мелдешке 11 кыргыз спортчусу 4 спорт түрү боюнча катышууда: кум үстүндөгү күрөш, самбо, жиу-житсу жана муай-тай.
Самбо боюнча мелдеште мекендешибиз Артур Те 62 килограмм салмакта күчүн сынап, коло медаль тагынды. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, Артур алгач түркмөнстандык Керим Аллануровду уткан. Чейрек финалда ал вьетнамдык Хьюн Нат Тонгуга утулган. Атаандаштын финалга чыкканына байланыштуу спортчубуз коло үчүн кармаш өткөрүү укугуна ээ болуп, колого карай жүрүшүндө ал алгач Япониянын өкүлү Таказито Накамураны багындырды. Ал эми коло үчүн кармашта Артур Те казакстандык Дархан Сержановду утту.
11 спортчунун ичинен азырынча 2 гана спортчубуз медаль тагынды. Буга чейин жиу-житсу боюнча мелдеште Муртазали Муртазалиев коло медаль уткан.