Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы акыркы жылдары кескин өсүүдө

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы соңку жылдары кескин өсүүдө. Эл аралык валюта фондунун өкүлү Эдвард Жемайэлдин билдиришинче, 2014-жылы өлкөнүн карызы ички дүң продукцияга карата 43-44 пайызды түзсө, бүгүнкү күндө 70 пайызга жеткени калды. Фонддун өкүлү Каржы министрлиги бул көрсөткүчтү 60 пайыз деп айтып жатканын, бул туура эместигин билдирди. Мамлекеттик карызы боюнча Кыргыз Республикасы ири тобокелчиликтин чегине жетип калганы айтылды.

Эл аралык каржы уюму коңгуроо кагып "тобокелчиликтин жээгине келип калдыңар" деп эскерткени менен, бийлик мамлекеттик карыздын өсүп кетишинин кесепетин айтпайт. Элге карызга алынган акчанын эсебинен жасалып жаткан айрым долбоорлор гана айтылат, көрсөтүлөт. Мисалы, мамлекеттик деңгээлдеги мааракелер, курулушу башталып бүтүп-бүтпөй жаткан жолдор - мамлекеттик карыздын өсүшүнүн себептери. Жакында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өттү. Иш-чаранын башка чыгымдарынан мурун депутат Садык Шер-Нияз айткан маалыматты мисал кылалы: "Көчмөндөр оюндарындагы көрсөтүүлөрдү койгон режиссёрго 150 миллион сом берилген", - деди депутат. Элинин жарымы кедей жашаган өлкөдө кызмат акылар ушундай жогору бааланганы канчалык туура? Жакында бийликтин демилгеси менен Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүлгөнү жатат. Каржы министрлиги референдумга 317 миллион сом кетерин билдирди. Мамлекеттик карыз ушул сыяктуу иштердин артынан көбөйөт. Карызга алынган акча келечекте өзүн актай турган долбоорлорго жумшалса түзүк, ал эми той-мааракелерге же мамлекет башындагы кайсы бир саясий күчтөрдүн тар кызыкчылыгына жумшалып кетсе, кайрадан элге түшкөн түйшүк. Ансыз да жумушсуздуктун анынан дүйнөнүн төрт бурчуна агылган кыргыздардын саны дагы көбөйөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан