Алай районунун акими: "Мурдаш айылында 100гө жакын эшек багылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт"

"Алай районунун Мурдаш айылында 100гө жакын эшек багылып жатат" деген маалымат чындыкка дал келбей турганын бүгүн, 5-октябрда SUPER.KG порталына Алай районунун акими Илияз Ташкулов билдирди.

"Айылда эшектер уурдалып, мыйзамсыз аракеттер болуп жатканы тууралуу маалымат райондук милиция кызматына да түшкөн эмес. Мындай маалымат бизде да жок. Эгерде андай аракеттер болсо, мыйзам чегинде чара көрүлөт. Буга чейин эшектерди "Эркеч-Там" чек ара бекети аркылуу мамлекеттен атайын мыйзамдаштырып Кытай өлкөсүнө өткөргөн факт катталганы боюнча уккам. Бирок биздин райондо эшек уурдалды деген арыз менен кайрылгандар болгон эмес", - деди Ташкулов.

Эске салсак, окурман 5-октябрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу "Алайда 100гө жакын эшек багылууда" деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Arslan12
2016-10-05 18:40:17
Базардан эт-сатып алыштан да коркосун, акыркы жылдары чет жактан импорттолуп келген эттер да кобоюп кетти!
+1
Keremet008
2016-10-05 19:06:20
кой Иляз калптан койбо уккам деп көруп билип эле атабыз го кытайлар союп эле жегенин. мисалы куду Иляз жактан болом анча мынча ишке жараган эшекти сатып алайын десең ылдамы 10000 элестеткиле азыр үйүр үйүр эшек деле көрбөйсүң. багылышы мумкүн
0
Keremet008
2016-10-05 19:08:12
бирок мына сүрөт калп башка эле жак экен мурдашта мындай бетон ташталган илгерки короолор жок вообще болгон эмес
0
Mamat
2016-10-05 20:22:35
Keremet008,Бар кайракыда кызыл коргондун мандайында
0
Keremet008
2016-10-05 19:08:24
мурдаш кичинекей эле айыл
0
urmat-87
2016-10-06 08:30:30
тооба десен боло Ильяз эшектерди өзүндүн корул айылында жоголуп короолорунан уурдатык дегендерди укпай жатасынбы милицияга арыз тушкон эмес деп тим эле койгула чындыка жакыныраак суйлөгондү үйрөнөлүк туугандар
0
meridian
2016-10-07 15:01:54
Ошол эшектерди аким багып жатканын же акимдин бизнеси экенин так билген кишидей жазасынар го тим эле. Же короонордо байлануу турган жеринен аким чечип кеттиби эшектерди? Кандай тиешеси бар акимдин бул жерде. Милициага арыз тушпосо маалыматы жок да ал кишинин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан