Азиз Мурадиллаевдин жугуштуу С гепатити, 4-даражадагы боордун циррозу менен ооруп жатканы аныкталды

Бүгүн, 7-октябрда Бишкектеги клиникалык оорукананын дарыгерлер кеңешмеси актёр Азиз Мурадиллаевдин оорусунун так диагнозун аныкташты. Бул маалыматты SUPER.KG порталына актёрдун жубайы Эльвира Жумалиева тастыктады.

"Учурда Азиздин абалы турукташып калды, дарыланып жатат. Дарыгерлер ага 4-даражадагы боордун циррозу жана жугуштуу С гепатити менен ооруйт деген диагноз коюшту. Ошондой эле тез арада операция жасоо зарылдыгын айтышты", - деп билдирди Э.Жумалиева.

Белгилей кетсек, кечээ, 6-октябрда операция жасатуу үчүн жардамга муктаж болгон актёрго банктан эсеп ачылган. Ал эми 25-октябрда Бишкектеги Кыргыз драма театрында учурда ооруп жаткан актёр Азиз Мурадиллаевди колдогон кайрымдуулук акциясынын алкагында концерт жана марафон өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Mers124
2016-10-07 17:48:43
Аллах шыпаа берсин.
+17
Cholpon14
2016-10-07 17:49:38
Аллах шыпасын берсин!
+14
Siren.ms
2016-10-07 18:01:14
айыгып корбогондой болуп кетсин ылайым оомин
+12
altynka95
2016-10-07 18:08:46
Айыгып кетсин Эртереек
+13
Gsuita
2016-10-07 18:15:09
Аллахым шыпаасын берсин!!! Ылайым тез арада айыгып кетиңиз!
+15
nazira1989
2016-10-07 20:55:13
Мен сыйлаган актер,Аллах Таалам дартынызга дабаа берсин,оорубаныз Датка!!!...
+16
Richard_Hainz
2016-10-09 15:55:52
Жазда бир абам ушу оору менен көз жумду. Мындай ооруну душманыма да каалабас элем.
0
prenses
2016-10-10 09:11:49
Menin ejem da bul ooru mn koz jumgan.aitaarim ishin jakshi bilgen hirurg jasashi kerek opperatsyani bolboso bir bichak tiygende ele tez kuchop,olup kalat eken adam. Bizdikin bilbegen biroo jasap,oyunchuktai kilip,bir jumadan kiyin kaira kilabiz dep jabip koyushup,denesine tarap tez ele otup ketti ejekem altin ejem:'( :'(:'(:'(koldon kelse chet jerde jasatkila bul baikeni.Allah tez zamanda shipaa bersin
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан