Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясы кыргыз-казак чек арасы аркылуу товарлардын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоого багытталган чечим кабыл алды. Бул тууралуу Казакстан премьер-министринин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз мамлекети чек арадагы карантиндик-фитосанитардык көзөмөлдү бир тараптуу алганына карабастан, Казакстан көзөмөлдү улантууда. "Көзөмөлдүн аталган түрү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин чечими менен 2015-жылдын майында жоюлган. Фитосанитардык текшерүү алынбагандыктан, карантиндеги товарлар чек араларда кыйла кармалып калууда. Комиссия Казакстан өкмөтү чечим күчүнө киргенден кийинки 10 иш күнүнүн ичинде ЕАЭБ тууралуу келишимдердин жоболорунун аткарылышы боюнча чараларды көргөндүгү тууралуу маалымат бериши керек", - деп айтылат маалыматта.