"Бакыт нуру" кайрымдуулук фонду: "Ак кан менен ооруган балага арналган концерт өзүн актабай калган"

Ак кан менен ооруган балага арналган концерт толук кандуу өтпөй калган. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда SUPER.KG порталына "Бакыт нуру" коомдук кайрымдуулук фондунун директору Анара Эгембердиева билдирди.

"Кайрымдуулук концерти өткөрүлгөн, бирок билеттердин көбү сатылбай, өтпөй калган. Спорт Ордосунун ижарасына 30 миң сом, музыканттарга 15 миң сом, мындан сырткары каражатты башка чыгымдарга жумшадык. Лира Чолпонбаева мени туура түшүнүп турса жакшы болмок. Азыркы убакта мен чанда кездешүүчү коркунучтуу дартка кабылып, дарыланып жатам. Мен сөзсүз ак кан менен ооруган балага акчасын төлөп берем. Бул үчүн убакыт керек болуп жатат. Бул менин моюнумдагы карыз", - деп билдирди Эгембердиева.

"Бакыт нуру" коомдук кайрымдуулук фондунун директорунун маалыматына ылайык, Лира Чолпонбаевага буга чейин 14 миң сом берилген. Келишим боюнча дагы 62 миң сом каражат төлөп беришмекчи.

Эске салсак, 10-октябрда Лира Чолпонбаева "ак кан менен ооруган балама кайрымдуулук концертин өткөргөндөр 4 айдан бери акчамды бербей качып жүрүшөт" деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Meerim-777
2016-10-10 15:16:27
Албетте ооруйт ! Кудай коруп турат! Мени туура тушунсо болмок дейт!баласы ооруп жаткан эжени ким тушунот экен
+1
piramida
2016-10-10 16:17:35
Ошол акчаны берсең анан сен да сакаясын.Аллах озу таразалап койот бей бечаранын акчасын жесең.
+3
bema_bema
2016-10-10 17:05:19
Бироону сыздатсан ошондой болот. Оору дегенди сени даамын татып корсун деп Алах таразап койот.Таба эмесго тообо.
+2
kani-esen
2016-10-10 17:15:55
Бул аялды неге жумуштан бошотушпай атат. Бошотуп ордуна бир ыймандуурак бороду койсо болмок.
+1
jergetal
2016-10-10 20:58:27
Буга окшогон кайрымдуулук фондун жок кылыш керек Аллахтан корксонор болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан