Куудул Жеңишбек Айтиевдин 12 жаштагы уулу сайылган бычактан улам каза болду. Бул маалыматты куудулдун туугандары бүгүн, 21-октябрда тастыкташты.
Маалыматка караганда, окуя бүгүн Ош шаарында болгон. Анда Жеңишбек Айтиевдин 12 жаштагы уулун психикалык жактан жабыркаган бала бычак менен сайып салган. Жабырлануучунун өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
Бул тууралуу Ош ШИИБине кайрылганыбызда, окуя болгон жерге оперативдүү топ кеткенин, азырынча толук маалымат жок экенин билдиришти.
Жеңишбек Айтиев быйыл май айында "Супер-Инфо" гезитине маек курган. Анда ырчы үйү жана үй-бүлөсү менен тааныштырып, кенен баарлашкан. Уулу Туратбек үйдү таза кармашарын, бутун чечпей үйгө киришсе апасы урушарын айтып берген эле.