Жеңишбек Айтиевдин уулунун өлүмүнө шектелген жаран: "Кошунамдын баласы тамагыма уу салганы келе жаткан экен, бычакты алып сайып жибердим"

Жеңишбек Айтиевдин уулун бычактаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн саат 12:00 чамасында Ош шаарынын Гостелло көчөсүндөгү 1Б үйүнүн алдында болгон. Анда 2004-жылы туулган Туратбек Акпаралиевди (Жеңишбекович) 1994-жылы туулган А.Н. аттуу жаран бир нече жолу бычак менен сайып салган.

"Жабырлануучу окуя болгон жерден каза тапкан. Анын көкүрөгүндө жана моюнунда бир нече бычактын издери болгон. Кылмышка шектүү ошол эле жерден кармалып, кылган кылмышын моюнуна алды. Мындай кылганынын себебин "кошунамдын баласы тамагыма уу салганы келе жаткан экен, бычакты алып сайып жибердим" деп түшүндүргөн. Кылмышка шектүүнүн атасынын айтымында, ал мурда психикалык оору менен жабыркаган, бирок атайын ооруканага катталган эмес. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдирди Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Маркум Туратбек Акпаралиев куудул Жеңишбек Айтиевдин уулу. Буга чейин куудулдун туугандары бул маалыматты тастыкташкан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (37)
shadyeva
2016-10-21 21:49:02
Кудай озун сактачы. Баланын бейиши болсун. Угуп шок болдум адамдар жырткыч болуп баратабыз.
+3
umutai.86kg
2016-10-21 22:06:36
Аллахым ата энесине сабыр берсин ,оорду бейиш болсун.
+3
Nukeww
2016-10-21 23:49:43
эмне болуп бара жатабыз
+2
anar8672
2016-10-22 01:55:53
Ай журогум атышып кетти бул наристего Эмне куносу бар эле .Ата энесине сабыр тилейм.жайы жаннатта болсун
+4
Azizbek.kg8
2016-10-22 03:09:50
Тобо Биздин Айылда имено коншумдун баласы оруйт пицикалык жактан жаш балдарды корсо таш которуп кууйт .Балдарымдын коркуп жашайм
+3
temi85
2016-10-22 09:34:57
Жин кирип кеткенго. Жин киргенде башка биро уу берип жаткансып елестетип баланы бычак менен сайып салганго.арты кайрылуу болсун инналиллооху ва инна илайхи рожиуун
+3
Cholpon2801
2016-10-22 09:35:52
Жаш балада каяктагы уу,айчырактай бала екен арты кайрылуу жаткан жери жайлуу болсун,олтургон айбандын жазасын кудайым озу берсин!!
+2
Bubu88
2016-10-22 16:18:20
Азыркы заманда кенен кесир жашай албай калдык го жолго чыксан машине уруп кетсе балдарыны ойноп жүргөн жеринен уурдап кетсе олтуруп кетсе жалгыз жүргөндө тоноп кетсе деги кандай жашоо болду ар бир өткөн убактын үчүн да кооптонуп турасың азыр эмне балакет болуп кетет деп
+1
kasiko
2016-10-22 20:19:47
Айжамал эже, сабыр тилейм эмне деп айтарымды да билбей турам,арты кайрылуу болсун, бейиштен орун берсин Аллам, сабырлуу болгула.
+2
alisa0910
2016-10-23 01:14:04
Аллахым бейиштен оорун берсин!Жаткан жери жайлуу болсун,топурагы торко болсун!Ата-энесине сабыр тилейм. Жаман болуптур,ата-энени баладан,баланы ата-энеден айрыбасынчы.Ээх... жараткан Аллах ар бир пендеге ыйман бере кор! Туура жолго баштай кор!
0
Sharipa-asia
2016-10-23 03:36:25
Ой кудай сактай кор,не заман болуп баратат!Баланын ата-энеси кандай кунго калышты,мындай кунду эч бир уй-булого корсотпосун Аллах !Женишбек Айтиевдин уй булосуно конул айтабыз!Сабыр кылыныздар!Ал эми кылмышкер оз жазасын аларына ишенебиз!
0
ademi92
2016-10-23 05:09:27
Сабыр. Ажалы жеткен экен да кудайыма керек экен ошол баланы себепчи кылып алыптыр. Бул да болсо Аллахымдын каалоосу
0
Kumara88
2016-10-23 12:13:17
Сабыр.бешенеге жазган ушундай болот деп андан эч ким кутула албайт экенбиз даа. кудайым андай жол менен албаса дагы башка себеп менен алышы мумкун...ошентсе да сут оозунан кетелек балага ичин ачышат экен.
Арты кайырлуу болсун!
0
Moskva.kg
2016-10-23 14:44:04
Аллахым жамандыктын бетин ары кылсын Женишбек Айтиевге сабыр каалайм жайы жаннаттан болсун
0
Jazkooou
2016-10-23 15:37:38
Жаткан жери жайлуу болсун! Ата-энесине сабр!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан